Сузакта жер көчкү жүрдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкерлери. Архив
ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кырсык болгон жерге ӨКМнын райондук бөлүм башчысы, мониторинг департаментинен бир адис жана айыл башчы жөнөп кетишти.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Сузактын Кызыл-Туу айыл аймагында жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жер көчкү бүгүн болжол менен саат 16.00дө катталган. Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес. 

Учурда жер көчкү боюнча так маалыматты тактоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүм башчысы, мониторинг департаментинен бир адис жана айыл башчы жер көчкү түшкөн жерге чыгып кетишти. 

Кошумча маалымат берилери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0