Депутат: жаңы өкмөт түзүмүнөн транспорт министри гана кетет, калгандары калат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТранспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев. Архив
Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү министрлердин так тизмеси азырынча расмий түзүлө электигин айтышты. Ошентсе да транспорт министринен башка министрлердин кызматтан алынуусу каралбаганы белгиленди.

БИШКЕК, 13-апр. —Sputnik. Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев кызматтан алынат. Калган министрлер азырынча өз ордуларында калат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

Анын айтымында, министрлердин так тизмеси азырынча расмий түзүлө элек. Ошентсе да транспорт министринен башка министрлердин кызматтан алынуусу каралган эмес.

Өзүнүн атын атагысы келбеген дагы бир нече депутат Аргынбек Малабаев кызматтан алынарын тастыкташты.

Кресло. Архив - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр бүгүн шайланышы мүмкүн
Эске салсак, Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушун текшерүү үчүн өкмөт мекемелер аралык комиссия түзгөн. Анын натыйжасында бир катар кемчиликтер аныкталып, комиссия өз корутундусунда транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызматына ылайыктуулугун карап көрүүнү сунуштаган. Ал эми Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында жол боюнча өткөн тендерге өкмөт башчынын жакындары, транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев жана кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып тендердин жыйынтыгына таасир бергенин билдирген.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына мекемелер аралык комиссиянын чыгарган корутундусун да, Малабаевдин айткандарын да тыкыр иликтеп чыгууну тапшырган.

Мындай талаштын жыйынтыгында Темир Сариев кызматтан кетти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0