Хоккей боюнча КР курама командасы мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчулары беттеш учурунда. Архив
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчулары беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катары менен үч жеңишти камсыз кылып жана негизги атаандаш Макао командасы атаандашына утулуп калгандыктан кыргызстандыктар мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Эртең боло турчу оюндун жыйынтыгына карабастан КР курамасы биринчи орунду камсыз кылышты.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы Бишкекте өтүп жаткан Азия чакырык кубогунда мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Бул тууралуу КРдин хоккей боюнча федерациясы билдирди.

Хоккей боюнча турнир: кыргызстандыктар катарлыктарды кантип жеңди
КРдин курама командасы катары менен үч жолу жеңишке жетишти. Алар Индияны (11:1), Катарды (9:0) жана Малайзиянын (9:5) командаларын утуп алган.

Кыргызстандын негизги атаандашы саналган Макаонун курамасы бүгүн малайзиялыктарга 1:6 эсебинде утулуп калды.

Учурда кыргызстандык оюнчулардын капчыгында тогуз упай бар, малайзиялыктар алты жана калган командалар мындан да аз упай топтошту.

Ошентип эртең Макао менен боло турчу оюндун жыйынтыгына карабастан кыргызстандыктар мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыз кылышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0