Май айында өлкө аймагында күн ысык болуп, жаан-чачын аз болот

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтандан өтүп бараткан кыз. Архив
Фонтандан өтүп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Май айында Кыргызстанда абанын температурасы климаттык нормадан бир-эки градус жылуу болот.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстанда май айында абанын температурасы климаттык нормадан 2 градуска жогору болот. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Чүй облусунда май айында аба ырайы климаттык нормадан +1…+3 градус жогору болуп, орто эсеп менен +20…+25 градустун деңгээлинен күн +27…+32 градуска чейин ысыйт.

Жоогазын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекти түркүн түскө боёгон кызыл-тазыл жоогазын
Талас облусунда түндө +6…+11 градус жылуу болсо, күндүз +25…+30 градуска чейин ысыйт. Андан сырткары, жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын орточо температурасы климаттык нормадан бир-эки градус жогору болуп, күндүз +27…+32 градуска чейин ысыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлүүдө (39-79 мм, тоо этектеринде 72-142 мм). 

Ысык-Көлдө май айында күн +18…+23 градус ысык болот. Түндө аба ырайы +5…+10 градуска жетет. Бул аймакта дагы жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болору болжонууда.

Нарын облусунда дагы аба ырайынын орточо температурасы климаттык нормадан 2 градуска чейин жылуу болот. Күн +21…+26 градуска чейин ысыйт. Түндө +3…+8 градуска чейин жылуу болот. Ал эми Ат-Башы районунда айдын биринчи жарымында үшүк жүрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0