Бишкек шаарында ыктыярчылардын "Хайфайв" фестивалы өтүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековАк калпак кийген жаш жигиттер. Архив
Ак калпак кийген жаш жигиттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордун максаты тренингдер аркылуу жаштардын билимин өстүрүү болуп саналат.

БИШКЕК, 17-апр.— Sputnik. Бишкек шаарында ыктыярчылардын "Хайфайв" фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Долбоордун максаты тренингдер аркылуу жаштардын билимин өстүрүү болуп саналат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар тартылат
Уюштуруучулардын айтымында, Бишкек шаарындагы мектептерден жети команда чогулуп, эки ай ичинде лидерликке жана убакытты туура пайдаланууга үйрөткөн тренингдерде билимин жогорулатышат.

Эреже боюнча ыктыярчылар үч этаптан өтүүсү зарыл. Биринчи этап шаар мектептеринде тренингдерди өтүү болсо, экинчи этап ак кан илдетинен жабыркаган балдарга оюнчуктарды чогултуу болуп саналат. Ал эми үчүнчү этапта командалар интеллектуалдык оюнда күч сынашат. Аталган оюн бүгүн, борбор калаада болууда.

Үч этаптын жыйынтыгы менен жеңишке жеткен команда баалуу белектер менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0