Фракция лидерлери спикерликке талапкер боюнча бир пикирге келе алган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин төрагасынын жумуш орду. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасынын жумуш орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "Ата Мекен" фракциясы парламенттин талкуусуна эки талапкерди тең алып чыгууну сунуштаган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Көпчүлүк фракцияга кирген фракция лидерлери төраганын талапкерлигин карап, бир пикирге келе алган жок. Бул тууралуу КСДП фракциясынын жана көпчүлүк коалициянын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. 

Бүгүн көпчүлүк коалиция чогулуп, анда спикерликке талапкерлер каралды. 

Эске сала кетсек, төрагалыкка "Кыргызстан" фракциясы Канат Исаевди, ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Бакыт Төрөбаевди сунуштаган.

"Фракция лидерлери бир тараптуу ойго келе алган жокпуз. Эгер фракция жетекчилери эртеңкиге чейин бир пикирге келбесе, коалиция эки талапкерди тең парламенттин кароосуна алып чыгат",— деди Турсунбеков.

Эл өкүлү буга чейин эки талапкерди өз ара сүйлөшүп алууга чакырганын айткан. Ал КСДП фракциянын учурдагы позициясын ачыктаган эмес. "Ата Мекен" фракциясы төрагалыкка көрсөтүлүп жаткан эки талапкерди тең сунуштоо чечимине келген. 

Эске сала кетсек, өткөн бейшемби күнү парламентте төраганы шайлоо маселеси күн тартибине киргизилген. Ал ортодо "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров спикерди шайлоону кийинки аптага жылдыруу керектигин беш ирет айтып чыккан. Жыйынтыгында добуш берүүгө болгону 59 депутат келип, кворум болбой, спикерди шайлоо кийинки аптага жылган. Ал ортодо эки талапкер ортосунда кресло талаш кызуу жүрүп жатканы айтылууда. 

Мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков агасы премьер-министрликке көрсөтүлгөндүктөн спикерликтен өз эрки менен кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0