Үч күн катары менен Бишкектин айрым аймактарында газ өчүрүлөт

Жазылуу
Оңдоо иштери жүргөндүктөн көгүлтүр от менен калкты камсыздоодо бир катар чектөөлөр киргизилет.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Борбор калаанын Курманжан Датка, Проскуряков, Чоң Чүй каналы көчөлөрүндө 21-22-апрелде газ берүү токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, газ берүү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлгөн.

Ошондой эле, 20-апрелден 23-апрелге чейин авариялык-кайта калыбына келтирүү иштеринен улам Дэн Сяопин, Барпы Алыкулов, Абакан, Киров көчөлөрүндө газ жок болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0