Машина айдаган милиция кызматкери эмнеге жол эрежесин бузганын КМБ билдирди

Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда жол эрежесин бир нече жолу бузган патрулдук милициянын видеосу жайылган. Ал жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй, экинчи катардан сигналын күйгүзбөстөн бурулган.

Бишкек шаарынан жол эрежесин бузган милиционерге 1000 сом айып салынганын Кайгуул милиция башкармалыгынын (КМБ) маалымат кызматынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Кайгуул милициясынын кызматтык унаасын айдап бараткан милиция кызматкери чакыруу болгон жерге шашып бараткан. Биз чындап эле чакыруу болуп-болбогонун текшердик. Чындап эле аталган аймактан бир кыз чалып, авария болгонун билдирген. Анын катасы атайын жарыкты күйгүзбөй койгонунда", — деп КМБдан билдиришти.

Милиция кызматкери жөө жүргүнчүнү өткөрбөй койгондугу үчүн 1000 сом айып салынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0