Кылыч, найзачан өспүрүмдөр өнөрлөрүн тартуулашты. Ушу спорту боюнча чемпионат

Жазылуу
Бейшемби күнү балдар жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борборунда салттык ушу өнөрү боюнча өлкөнүн чемпионаты башталды.

Мелдештин максаты — ушу спорту боюнча эң мыкты спортчуларды аныктап, 10-14-майда Москва шаарында өтө турчу Европанын II Чемпионатына Кыргызстандын улуттук курама командасын түзүү.

Кыргызстан Макао хоккейчилеринин акесин таанытты
Бишкекте өтүп жаткан мелдешке борбор калаадагы спортчулардан тышкары Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынан келишти.

Алар салттуу ушунун түрдүү алты стили боюнча күч сынашууда. Алар: шаолинь цюань, тайцзи цюань, сунси нэйцзя цюань, винчунь, нань цюань, дуйлянь.

Спортчулар ошондой эле, кылыч, тыяк, найза менен өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатат.

Таймаштын аягында, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0