ЖКнын сайтына онлайн көрсөтүү функциясын киргизүү пландалып жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭкрандан тартылган Жогорку Кеңештин расмий сайты. Архив
Экрандан тартылган Жогорку Кеңештин расмий сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы иштелип чыккан мыйзам долбоор 2021-жылга чейин парламенттин ишмердүүлүгү менен ачыктыгын жакшыртууга багытталган. Өнүгүү стратегиясы өзүнө бир нече долбоорлорду камтыйт.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеште парламенттин беш жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын долбоору иштелип чыкты. Анда "электрондук парламент" жана "онлайн отурум" долбоорлору камтылган. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды.

Жаңы иштелип чыккан мыйзам долбоор 2021-жылга чейин парламенттин ишмердүүлүгү менен ачыктыгын жакшыртууга багытталган. Өнүгүү стратегиясы өзүнө бир нече долбоорлорду камтыйт. Алардын ичинде "электрондук парламент" жана "онлайн отурумдарды" түзүү каралган. 

"Электрондук парламент" долбоорунун алкагында ЖКнын веб-порталы аркылуу көрмө жана радио берүүлөрдү уюштуруу, фракциялар менен тармактык комитеттердин отурумдарын электрондук документтер менен камсыздоо, ноутбук же планшеттерди сатып алуу каралган. 

Жол инспекторлору дагы кайсы депутаттын "канын ичкен"?
Ал эми "онлайн отурум" долбоорунда телекөрсөтүү жыштыгын сатып алуу, залдарды кесипкөй жарык берүү булактары менен жабдуу, адистештирилген программалык камсыздоону сатып алуу жана сайтка онлайн берүү бөлүмүн ачуу маселелери каралган. 

Жогорку Кеңештин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыккан депутаттык жумушчу топтун жетекчиси Асылбек Жээнбеков, ал эми Алтынай Өмүрбекова, Наталья Никитенко орун басарлары экени көрсөтүлгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0