АКШда Принстин урматына жаз маршы менен кинокөрсөтүүлөр болот

© REUTERS / Chris Pizzello/FilesЫрчы Принс. Архив
Ырчы Принс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү аткаруучу Принс бейшемби күнү Миннесотадагы өзүнүн үйүндө көз жумган. Полиция бул боюнча иликтөө жүргүзүп, себептерин азырынча айта элек. 1

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бейшемби күнү 58 жашында каза болгон белгилүү ырчы Принстин урматына АКШнын шаарларында жаз маршы менен кинокөрсөтүүлөр болот. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Жаз маршын Жаңы Орлеан шаарындагы ырчынын күйөрмандары уюштурганы жатышат. Алардын планы боюнча, иш-чарага жергиликтүү музыкалык топтор катышып, алар кызгылт көк түскө боёлгон кийимдерди кийүү менен күн батканда ак көгүчкөндөрдү учурушат. 

Белгилүү адабиятчы, сынчы, акын, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салижан Жигитовдун 80 жылдыгын окумуштуулар белгилейт
Кызгылт көк түс менен көгүчкөндөр Принстин Purple Rain менен When Doves Cry аттуу ырларынын аллюзиясы болуп эсептелет. 

Жума күнү Жаңы Орлеанда жыл сайын өткөрүлчү Jazz Fest аттуу жаз фестивалы башталды. Анын алгачкы күнү Принстин жаркын элесине арналды. 

Принстин элеси Американын бардык бөлүгүндө эскерилди. Бейшемби күнү кечинде Миннеаполис шаарынын аянтына миңдеген адамдар чогулган. Ал эми АКШдагы эң ири кинотеатрлардын бири келерки жума күнү 87 кинозалдын бардыгында 1984-жылы Принстин катышуусунда тартылган "Purple Rain" тасмасы көрсөтүлөрүн жарыялады. 

Принс бейшемби күнү Миннесотадагы өзүнүн үйүндө көз жумган. Полиция бул боюнча иликтөө жүргүзүп, себептерин азырынча айта элек. Маркумду жерге берүү күнү азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0