Ошто мыйзамсыз жүргөн кытай жарандары кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКармалган жарандар. Архив
Кармалган жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жарандардын өздүгүн тактоочу документтери жок экени аныкталган.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ошто мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандары кармалганын Чек ара маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 24-апрель күнү "Эркештам" чек арасынын аймагында жайгашкан көмүр кенин текшерген учурда андагы үч кытай жаранынын өздүгүн тактоочу документтери жок болуп чыккан. 

Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалган жарандар ИИМге өткөрүп берилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0