Кайрымдуулук кечесинде жетим балдарга болгону 200 сом чогулду

© Sputnik / Жоомарт УраимовСтолдогу акча каражаттар. Архив
Столдогу акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага 30 гана адам келген. Ал эми кайрымдуулук кутучасын ачканда андан болгону 200 сом чыккан.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында "Жетим балдардын укугун коргоо" фонду үчүн мода көрсөтүү боюнча кайрымдуулук кечеси болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кеченин уюштуруучусу Артур Зотов билдирди. 

Иш-чара 23-апрель күнү өтүп, ага 30 гана адам келген. Ал эми билет баасы 150 сомду түзгөн. Уюштуруучулар кайрымдуулук кутучасын ачкан учурда андан болгону 200 сом чыкканын билдиришти.

"Биз колдон келишинче социалдык баракчалардан жана интернет аркылуу жарнама кылдык. Анткен менен көп каражат чогулган жок. Ошентсе деле чогулган акчаны фондго тапшырабыз", — дейт Зотов. 

"Жетим балдардын укугун коргоо" фондунун төрагасы Игорь Беляев иш-чарада атактуу инсандар мода көрсөткөнүн белгилейт. 

"Азырынча акчаны колубузга ала элекпиз. Аталган сумма фондго түшөөрү менен канча каражат которулганын жарыялайбыз. Иш-чарага кайдыгер карабагандарга ыраазычылык билдирем", — дейт Беляев. 

Уюштуруучулар муну менен эле токтоп калбай, келечекте да кайрымдуулук иштерин улантарын кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0