Кыргызстан БУУнун Жогорку комиссариатына Укуктук маданият фондун түзүүнү сунуштады

© пресс-служба МИД КРКРдин Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын Женевадагы туруктуу өкүлү Данияр Мукашев БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад Аль-Хуссейн менен жолукту.
КРдин Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын Женевадагы туруктуу өкүлү Данияр Мукашев БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад Аль-Хуссейн менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку комиссар Кыргызстандын адам укугу жаатына көрсөтүп жаткан аракеттерин жогору баалады.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. КРдин Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын Женевадагы туруктуу өкүлү Данияр Мукашев БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад Аль-Хуссейн менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ошто БУУ өкүлдөрү болочок ата-энелер мектеби менен таанышты
Жолугушуу учурунда тараптар уюмдун Бишкектеги офиси аркылуу Борбор Азиядагы долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашты. Негизинен мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу жаатындагы маселелер каралган.

КРдин туруктуу өкүлү БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссариатына Кыргызстан тараптан сунушталып жаткан Укуктук маданият фондун түзүүнү колдоого чакырды. Анын максаты калктын өз укуктарын билүүсүн жогорулатуу болуп саналат.

Жогорку комиссар Кыргызстандын адам укугу жаатына көрсөтүп жаткан аракеттерин жогору баалады. Анын ичинен БУУ кеңешиндеги Кыргызстандын делегациясынын аялдардын, балдардын жана мигранттардын укугу боюнча кылып жаткан ишине басым жасады.

Жаңылыктар түрмөгү
0