Жекшемби күнү өлкө боюнча күн күркүрөп, жаан жайт

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада турган Бишкек жашоочулары. Архив
Аялдамада турган Бишкек жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте түнкүсүн күн 12 градуска чейин жылуу болсо, күндүз абанын температурасы 27 градуска чейин көтөрүлөт.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Жекшемби күнү Кыргызстанда күн күркүрөп, жаан жайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн күн 12 градуска чейин жылуу болсо, күндүз абанын температурасы 27 градуска чейин көтөрүлөт. Ош шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн 15, ал эми күндүз 29 градуска чейин жылуу болот. 

Кыргызгидромет 9-майдан 11-майга чейин туруксуз аба ырайы сакталып, катуу жаан жаай турганын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0