Эртең Кыргызстан боюнча жаан жаайт

Жазылуу
9-майдан 11-майга чейин туруксуз аба ырайы сакталып, катуу жаан жаай турганын Кыргызгидромет эскертет.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Эртең Кыргызстандын көпчүлүк аймагында күн күркүрөп, катуу жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу автожолдордо кар күрткүсү түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Экскаватор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош — Эркештам автожолу селден тазаланды
Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүз күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Күндүз 17…19 градус жылуу болот.

Ош шаарында да жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз 25 градуска чейин жылуу болот.

Кыргызгидромет 9-майдан 11-майга чейин туруксуз аба ырайы сакталып, катуу жаан жаай турганын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0