Алматынын чок ортосунда өрт чыгып, бир адам түтүнгө ууланып калды

Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча өрт бүгүн, саат 04:37 чамаларда газ баллондун жарылышынан чыккан.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарында ири өрт чыгып, 1000 чарчы метрге чейин жетти. Бул тууралуу РИА Новости Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-май күнү эртең менен шаардагы Абылай хан көчөсүндөгү кафелердин биринде өрт чыгып, жалын супермаркет жана жанындагы үйдү каптаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсык 04:37 чамаларда газ баллондун жарылышынан улам келип чыккан. 

"Өрт өчүрүүчүлөр жети мүнөт өткөн соң тилсиз жоо чыккан жерге келишкен. Саат 06:36да өрт толук кандуу өчүрүлдү", — деп жазылат маалыматта. 

Кырсыктан жети адамдын өмүрү сакталып, 120 жашоочу эшикке чыгарылган. Мындан сырткары, бир киши түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилген. Каза болгондор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0