Премьер-министрдин маалымат катчысы болуп Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал буга чейин "Алмаз-Нарын" радиосунда, КТРКда журналист болуп жана Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматында иштеген.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы болуп мурдагы журналист Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Чыңгыз Эсенгул уулу "Алмаз-Нарын" радиосунда, КТРКда жана Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматында иштеген. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы. Жубайы Гүлшан Кулматова КТРКда эмгектенет. 

Буга чейинки өкмөт башчы Темир Сариевдин маалымат катчысы болуп Бакыт Асанов иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0