ИИМ: Ивановка айылындагы жаңжал токтотулду

Жазылуу
Буга чейин кыргыз жана дунган улутундагы жашоочулар аталган айылга чогулуп калганы айтылган.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Чүй облусунун Ивановка айылындагы кыргыздар менен дунгандардын ортосунда чыккан чыр токтотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн эртең менен кыргыз жана дунган улутундагы жашоочулар чогулуп, алардын ортосунда кайым айтышуу болуп кеткен.

"Учурда абал тынч. Чогулган элдин саны такталып жатат. Азыр баары тең тарап кетти", — деди Сейитов.

Чырга май айында болгон окуя себепкер экени маалым болду. Анда милицияга бир кыз кайрылып, аны дунган улутундагы жигит ур-токмокко алганын билдирген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен шектүү жаран камакка алынган.

"Ачууга алдырган адамдар бири-бири менен уруша кетишкен. Азыр бири-биринен кечирим сурап чогулгандар тарап кетишти", — деди ИИМ өкүлү.

Ушу тапта окуя болгон жерде милиция кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөп турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0