Милиция: Жалал-Абаддагы жаран өзүн акчанын айынан өрттөп жиберген

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКүйүп жаткан тыйындар. Архив
Күйүп жаткан тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад шаарынын тургуну бензин чачып өзүнө өрт койгон. Учурда ал ооруканада.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Эркек киши өзүн акчанын айынан өрттөп жибергенин Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мас болгон жаран өзүн дүкөндүн ичинен өрттөп жибергенин маалымдаган.

"Кечээ ал мас болуп үйүнө келип, аялынан акча сурайм деген. Бирок аялы конокко кетип калгандыктан өгөй кызынан 12 миң сом сураган. Акча бербейм деген кызын өзүн өрттөйм деп коркуткан. Ал акчаны эмнеге талап кылганы белгисиз", — деп ОИИБден билдиришти.

Өгөй кызы милицияны чакырган. Милиция келип күйүп жаткан кишини өчүрүп, ооруканага алып барган. Маалыматка ылайык, анын денесинин 54 пайызы күйүп калган.

Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Маматжан Миянов жаракат алган кишинин абалы оор экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктады.

"Эртең менен аны кайра жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которушту. Анын өмүрүнө кооптуулук жарата турчу деле абал жок. Жабырлануучу сүйлөп жатат", — деди Миянов.

Оорукананын кызматкери денеси күйгөн киши оорукананын каттоо китепчесине соо абалында келген деп каттоого алынганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0