КРдин футбол боюнча улуттук курамасы FIFA рейтингинде Топ-100дөн ыргып кетти

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол курама командасы беттештин соңунда. Архив
Кыргызстандын футбол курама командасы беттештин соңунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Май айындагы рейтингге ылайык, улуттук курама 111-орунга татыган. Ал эми апрелдеги рейтингде Кыргызстан 100-орунду ээлеген болчу.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнөлүк футбол ассоциациясынын (FIFA) жаңыланган рейтингинде мыкты 100 команданын катарынан ыргып кетти. 

Юная певица Айыма Аильчиева презентовала клип про сборную по футболу - Sputnik Кыргызстан
КР футболчулары Айым Айылчиеванын клибине тартылышты
Жаңы рейтингге ылайык, улуттук курама 111-орунга татыган. Ал эми апрелдеги рейтингде Кыргызстан 100-орунду ээлеген болчу.

Өткөн айда улуттук курама футбол беттештерин өткөргөн эмес. Акыркы ирет Тажикстандын курамасы менен март айында ойноп, 0:1 эсебинде жеңишке жеткен. 

Анткен менен Кыргызстан кошуна өлкөлөрдү алдыга салбай келүүдө — Казакстан 117-орунду ээлесе, Тажикстан 164-орунга татыктуу болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0