Депутат: лотерея оюндарын колдогон өкмөткө адамдын өмүрүнөн акча кымбатпы?

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Рыскелди Момбеков. Архив
ЖК депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентте лотерея ишмердүүлүгүнө тыюу салуу маселеси каралып, 2015-жылы салыктан 32 миллион сом түшкөнү белгилүү болду.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Өкмөткө адамдын өмүрүнө караганда акча кымбатпы? Бул суроону эл өкүлү Рыскелди Момбеков ЖКда сүйлөп жатып берди. 

Учурда парламентте лотерея ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралууда. Долбоордун демилгечиси Төрөбай Зулпукаров бюджетке түшүп жаткан 32 миллион сомду жоготуп алышыбыз мүмкүн деген жүйөө менен өкмөт аталган мыйзам долбоорун колдобой койгонун айткан. 

"Мыйзам долбоорун өкмөт колдобой коюпсуңар. Өкмөткө адамдын өмүрүнө караганда акча кымбатпы?" — деди Момбеков. 

ЖКда өкмөттүн өкүлү катары жооп берип жаткан Санжар Мукамбетов мамлекеттик лотерея зарыл экенин айтып, мындан 2015-жылы 32 миллион сом, ал эми 2014-жылы 31 миллион сом салык түшкөнүн билдирди. 

Анын айтымында, өлкө боюнча лотерея ишмердүүлүгү менен алектенген 25 ишкана бар. Орточо эсеп менен 500гө жакын адам иш менен камсыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0