Кыргыз товарларын импорттогон алдыңкы 9 өлкө

Жазылуу
Экспорттун көлөмү төмөндөп жатат дегенге карабастан made in KG товарларын жүктөп алып кеткен өлкөлөр бар.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын үч айында Кыргызстан 178 миллион долларга товар сатты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга төмөн экени Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылат.

Негизинен экспорттун көлөмү алыскы мамлекеттердин суроо-талабынын азайышынан төмөндөдү. Бирок буга карабастан Кыргызстандан чыккан товарларга көңүл буруп, аларды пайдаланып келген мамлекеттер бар. Sputnik Кыргызстан алардын рейтингин түзүп чыкты.

Словения менен Украина тизменин башында турат. Үч айдын ичинде аталган өлкөлөргө жиберилген товардын көлөмү 4,3 эсеге жогорулаган. Мында Словения менен бир аз тоскоолдуктар бар: эгер ал жакка сатылган товарды эсептесек, жалпы баасы 100 миң долларга да жетпейт. Ал эми Украинага лампа, тери жана тамеки сатуудан Кыргызстан 1,2 миллион доллар пайда көргөн.

Сварщик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Made in China же кыргыз экономикасы Кытайдын көлөкөсүндө калабы?
Иран. Январь-март айларында бул өлкөгө экспорт 3,6 эсеге көбөйгөн. Иранга Кыргызстандан 6,2 миллион долларлык жаңгак, жашылча-жемиш жөнөтүлгөн.

Бельгия. Сатылган товардын көлөмү 3 эсеге көбөйүп, баасы 6 миллион доллардан ашкан. Ал жакка бизден алтын жана энергетикалык генераторлор экспорттолот.

Россия. ЕАЭБ боюнча өнөктөш бул мамлекетке товар жөнөтүү 2,2 эсеге жогорулаган. Россия бизден чыккан алтынга муктаж өлкөлөрдүн ичинен Швейцариядан кийинки экинчи орунда турат. Үч айдын ичинде россиялыктар Кыргызстандан 45 миллион долларга жашылча-жемиш, техника жана аппаратура сатып алган.

Улуу Британия кыргызстандык товарлардын экспортун 2,1 эсеге көбөйттү. Бирок анын жалпы наркы 100 миң долларга да жетпейт.

Канада, Швеция жана Кытай быйыл Кыргызстандан 1,9 эсеге көп товар сатып алышкан. Мында алдыңкы эки өлкө 100 миң доллар менен чектелсе, Кытай 8,4 миллионго соода кылган. Ал жакка бизден тери, булгары жана унаа жөнөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0