Газ ташуучу унаа жарылып чыккан өрт учурунда өрт өчүргүчтөр да жаракат алган

Жазылуу
Өрт түнкү саат 22.05те толук өчүрүлгөн.

БИШКЕК, 7-июн. —Sputnik. Бишкек шаарындагы Фучик көчөсү жактагы ишканада газ ташуучу унаа жарылып чыккан өрттү өчүрүү учурунда аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн улук өрт өчүрүүчүсү кабыргасынан жаракат алып, №4 ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жарылган бензовоздон чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Газ ташуучу автоунаанын өрттөнүшүнүн асмандан көрүнүшү
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо 4 жүк ташуучу унааны жалмап, газ ташуучу эки цистерна жарылган. Жоопкерчилиги чектелген коомдун имаратынын чатырынын бир аз бөлүгү күйүп, өрт 180 чарчы метр жерге жайылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча кырсыктын кесепетинен 11 адам жаракат алып, анын ичинен 7 киши оор абалда №4 оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө, үч адам күйүк бөлүмүнө жаткырылган. Бир киши абалы жакшы болгондуктан ооруканага жаткан эмес. 

Түнкү саат 22:05те өрт толук өчүрүлгөн ИИМ менен Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча өрт ширетүү иштери учурунда эреже сакталбагандыктан чыккан.

Кырсык болгон жерден алынган алгачкы кадрларды Sputnik Кыргызстандын фотолентасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0