Шашылыш билдирүү: тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам өлүмүн жана материалдык чыгымдарды азайтуу үчүн кооптуу аймактын тургундарына эскертүүлөр берилди.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү аба ырайына байланыштуу 7-8-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн ӨКМ билдирди.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине билдирүү берилди. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0