Фучиктеги өрт боюнча кылмыш иши козголду

© Фото / пресс-служба МЧС КРФучиктеги өрт
Фучиктеги өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт коопсуздук техникасы сакталбаганынан улам, газды бир унаадан экинчи машинага сордуруп куюштуруп жатканда чыккан.

БИШКЕК, 7-июн. —Sputnik. Кечээ, 6-июнь күнү Бишкектин Фучик көчөсүндө газ ташуучу унаа жарылып чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Эскерте кетсек, кечинде болгон кырсыктан тогуз адам ооруканага жаткырылып, анын алтоосунун абалы оор экени айтылууда. Жабыркагандардын арасында 12 жаштагы өспүрүм да бар. 

Жарылган бензовоздон чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Газ ташуучу автоунаанын өрттөнүшүнүн асмандан көрүнүшү
Алдын ала маалыматтар боюнча өрт коопсуздук техникасы сакталбаганынан улам, газды бир унаадан экинчи машинага сордуруп куюштуруп жатканда чыккан. Жалын ошол аймакта турган дагы үч унаага жайылып кеткен. Натыйжада беш жүк ташуучу унаа күйүп кетти. 

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 176-беренесинин (этиятсыздыктан улам мүлктү жабыркатуу же жок кылуу) негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө иштери башталып, бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0