Атамбаев газ ташуучу унаанын жарылышынан жабыркагандарга 500 миң сом бөлдү

Жазылуу
Учурда алты киши оор абалда ооруканада жатат.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Газ ташуучу автоунаа жарылып, андан жабыркагандардын дарылануусу жана дары-дармектерди алуу үчүн президент Алмазбек Атамбаев 500 миң сом акчалай жардам бөлдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Дүйшөмбү күнү, 6-июнда кечинде газ ташуучу автоунаа жарылып, андан 10 киши жабыркап, алтоо оор абалда ооруканага жеткирилген.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү жабыркагандарды дарылоо үчүн дары-дармек алууга жарандарды жардам берүүгө чакырган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0