Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин жыйынын биринчи айлампасы аяктады

Жазылуу
Буга чейин Казакстандын премьер-министри Карим Масимовдун расмий сапары 8-июнда болору айтылган.

БИШКЕК, 7-июн. —Sputnik. Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңеш жыйынынын экинчи айлампасы башка күнгө жылды. Бул тууралуу КР премьер-министринин маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Буга чейин Казакстандын премьер-министри Карим Масимовдун расмий сапары 8-июнда болору айтылып, бирок ал бир күнгө жылган. 

"Сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы тар чөйрөдө өттү. Экинчиси кол коюу жана макулдашуу процедураларынан кийин өтмөй болду. Маалымат каражаттары үчүн билдирүү экинчи айлампадан кийин уланат. Азырынча анын так мөөнөтү белгилене элек", — деди Эсенгулов.

Анын айтымында, бүгүн энергетика, транспорт жана айыл чарба маселеси талкууланды. Программа боюнча тар чөйрөдөгү жолугушуу 18.00дө аяктап, андан кийин кеңейтилген чөйрөдө улантылмак.

Жаңылыктар түрмөгү
0