Кыргызстанда эртең күн 30 градуска чейин ысыйт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаштар аллеясындагы эс алуучулар. Архив
Жаштар аллеясындагы эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүн ысышынан улам 11-июнга чейин республиканын дарыяларынын деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу сакталат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймагында 10-июнда күн 30 градустан жогору ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкекте ысык аба-ырайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Июнь айында аба ырайы 37 градуска чейин ысыйт
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кыргызгидромет ошондой эле күндүн ысышынан улам 11-июнга чейин республиканын дарыяларынын деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертет. 

Бишкек жана Ош шаарларында күн 36 градуска чейин ысыйт. Ал эми Чүй өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 37 градуска чейин көтөрүлөт. Нарын облусунда 30 градус болсо, Ысык-Көлдө 29 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0