Евро-2016: үчүнчү күнү үч беттеш өтүп, дарбазага төрт гол кирди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүУкраина жана Германия оюнчусу беттеште. Архив
Украина жана Германия оюнчусу беттеште. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Францияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынын алкагында тайпалык оюндар болду.

БИШКЕК, 13-июн — Sputnik. Францияда өтүп жаткан Евро-2016нын үчүнчү күнүндө үч беттеш өттү. Алар: Германия — Украина, Польша — Түндүк Ирландия жана Түркия —Хорватия.

Оюндардын баары биринчи турдун алкагында болду. 

Россия менен Англиянын беттеши - Sputnik Кыргызстан
Англия Европа чемпионатынын алкагында 1-турда бир да жолу жеңишке жеткен эмес
С тайпасында немистер 2:0 эсебинде украиналыктарды утуп чыкса, ушул эле тайпанын экинчи оюнунда поляктар жоопсуз бир гол киргизүү менен Түндүк Ирландиядан мыкты аталды. Биринчи оюнда Шкодран Мустафи 19 мүнөттө гол киргизсе, Бастиан Швайнштайгер кошумча убакытка немистерди алдыга сүрөдү. Ал эми экинчи оюнда Аркадиуш Милик өзгөчөлөндү. 

D тайпасында 41-мүнөттөгү Луки Модричтин голу менен хорваттар түрктөрдү жеңип алды. 

Турнирдин төртүнчү күнүндө дагы үч оюн өтөт:

  • 19.00 — Испания — Чехия;
  • 22.00 — Ирландия — Швеция;
  • 01.00 — Бельгия — Италия.

Белгилей кетсек, бул жолкусунда Германия менен Украинанын күйөрмандары кагыша кетти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0