Токтогулда унаа сууга түшүп эки адам каза болду, дагы бири изделүүдө

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга түшүп кеткен унаа. Архив
Сууга түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын айынан 33 жаштагы эки жаран көз жумган. Дагы бир киши изделип жатат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Токтогул районуна караштуу Толук айылында жолдо бараткан бир автоунаа сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Кырсыктын айынан 33 жаштагы эки жаран көз жумган. Алардын жансыз денесин куткаруучулар суудан алып чыкты. Маалымат боюнча дагы бир 34 жаштагы киши изделип жатат.

Ал эми унаанын ичиндеги 28-29 жаштагы эки жүргүнчү аман калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0