Эрдоган Путинди Россия күнү менен куттуктады

© REUTERS / Umit BektasТүркиянын президенти Тайип Эрдоган. Архив
Түркиянын президенти Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Түркиянын мамилеси 2015-жылы ноябрь айында Су-24 учагы атып түшүрүлгөндөн кийин солгундап кеткен.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктап, Москва менен Анкаранын мамилеси "жогорку деңгээлге" чыгышын каалады деп жазат РИА Новости агенттиги.

Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кремль Эрдоганга элдешүү үчүн эмне кылуу керектигин эскертип өттү
Түрк президенти өз катында эки өлкөнүн мамилеси мурунку калыбына келишин каалаган.

Ошондой эле Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Дмитрий Медведевге жолдогон катында "мамлекеттердин мамилеси эки элдин кызыкчылыктарына дал келген жаңы деңгээлге жетишине кызыкдар" экени жазылган.

Россия менен Түркиянын мамилеси 2015-жылы ноябрь айында Су-24 учагы атып түшүрүлгөндөн кийин солгундап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0