Кытай ШКУнун Түркия менен кызматташуусун бекемдөөгө кызыкдар

© Sputnik / Ольга Балашова / Медиабанкка өтүүШанхай кызматташтык уюмунун
Шанхай кызматташтык уюмунун - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия 2013-жылдан бери Шанхай кызматташтык уюмунун өнөктөшү макамы менен келе жатат.

БИШКЕК, 15-июн. – Sputnik. Кытай Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында Түркия менен мындан ары кызматташууга чоң маани берип, кызыкдар болуп жатат. Бул туурасында Кытайдын тышкы иштер министринин жардамчысы Ли Хуэйлай кабарлады. 

Түркия 2013-жылдан бери ШКУнун өнөктөшү макамы менен келе жатат. 

"Кытай Түркиянын ШКУнун өнүгүшүнө өнөктөш мамлекет катары кошкон салымын жогору баалайт. Уюмдун алкагында өлкө Түркия менен мындан ары кызматташууга кызыкдар болуп жана ага чоң маани берүүдө", — деп айтты Ли Хуэйлай.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бордюжа: террорчулук менен күрөшүүчү коалицияны тез арада түзсө болот
Ал кытай тарап "ШКУнун алкагындагы кызматташуу ага мүчө мамлекеттердин, анын ичине Түркияда да стабилдүүлүктү, коопсуздукту бекемдей тургандыгына" ишеним артаарын билдирди.

Буга чейин ШКУнун башкы катчысы Рашид Алимов Ташкентте өтө турган саммитке Түркиянын катышуусу пландалбаганын, себеби бул жолку жыйынга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин башчылары чакырылгандыгын журналисттерге айткан эле. 

Кытай ТИМинин өкүлү бул ШКУнун адаттагы эле практикасы экендигин айтты.

"Өзбекстан быйыл ШКУга төрагалык кылып жатат. Киргизилген тартипке ылайык, Өзбекстан ШКУга мүчө жана байкоочу мамлекеттерди чакырды. Бул ШКУдагы калыптанып калган көрүнүш", — деди Ли Хуэйлай.

ШКУга учурда Кыргызстан, Россия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Ал эми Белоруссия, Монголия, Индия, Иран, Пакистан жана Афганистан байкоочулук статусу менен катышып келет. 2015-жылдын июнь айында ШКУга Индия менен Пакистанды мүчөлүккө алуу иштери башталган. Уфа шаарындагы жыйында аталган уюмга төрагалык кылуу милдети Россиядан Өзбекстанга өткөн. Кезектеги саммит 2016-жылдын 23-24-июнь күндөрү Ташкентте өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0