Ата Мекендик согушта РФте каза болгон кыргызстандык жоокер мекенине коюлат

Жазылуу
Кыргызстандык аскердин сөөгү 2016-жылы июнь айынын аягында жерге берилет.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согушта 1942-жылы Тверь облусундагы Ржевск районунун Погорелки айылында каза болгон кыргызстандык Мендиш Емралиевдин сөөгү Кыргызстанда жерге берилет. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилиги билдирди.

Өлбөс полк жөө жүрүшүнүн катышуучусу. - Sputnik Кыргызстан
Баатырлардын урпактары — "Өлбөс полк" жөө жүрүшүндөгү кадрлар
Маалыматка ылайык, 15-июнда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери Тверь облусундагы Ржевск районунун Погорелки айылынан 1910-жылы туулган кыргызстандык Мендиш Емралиевдин сөөгүн Москва шаарына алып келишти. Анын сөөгү Кыргызстанга жерге берүү үчүн жөнөтүлөт.

Анын сөөгүн, жеке буюмдары — аскердик кружка, кашык, шишеден жасалган фляжкасы Мекенди коргоочуларды издеп табуу отряды тарабынан 2012-жылы Погорелки айылында табылган. Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгында 2016-жылдын май айында гана Емралиевдин Талас облусунда жашаган туугандары табылып, аныкталган. 

Кыргызстандык аскердин сөөгү 2016-жылы июнь айынын аягында жерге берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0