Өлкөнүн сел жүрүү коркунучу жогору болгон аймактар катуу көзөмөлгө алынды

© Фото / Эльмира СуйутбековаТалас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы сел. Архив
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы сел. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жергиликтүү тургундар түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, калыбына келтирүү иштерине активдүү жардам берип жатканын айтты.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Өлкөнүн сел жүрүү коркунучу жогору болгон аймактар көзөмөлгө алынып, учурда өлкөдө кырдаал туруктуу экенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Нарын, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында алдын алуу жана калыбына келтирүү иш-аракеттери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жергиликтүү тургундардын кооптуу аймактарда калыбына келтирүү иш-аракеттерине активдүү катышып жатканын айтат.

"Жергиликтүү тургундар түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл алышып, алдын алуу жана калыбына келтирүү иштерине активдүү катышууда", — деди министр.

Белгилей кетсек, акыркы аптада өлкө аймагында нөшөрлөп жааган жаандан улам дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, айрым аймактарда сел жүргөн. Нарын, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарындагы бир катар аймактар жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0