ИИМ башчысы эс алгандардын коопсуздугу боюнча маселе жаралбашы керектигин белгиледи

© Фото / пресс-служба МВД КРИчки иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлеринин быйылкы туристтик сезонго карата даярдыгы менен таанышты.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлеринин быйылкы туристтик сезонго карата даярдыгы менен таанышты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл туристтик мезгилде 2800 милиция кызматкери эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылат.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлеринин быйылкы туристтик сезонго карата даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Бүгүн, 18-июнда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын саптык тизими өттү.

© Фото / пресс-служба МВД КРИчки иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлеринин быйылкы туристтик сезонго карата даярдыгы менен таанышты.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлеринин быйылкы туристтик сезонго карата даярдыгы менен таанышты. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлеринин быйылкы туристтик сезонго карата даярдыгы менен таанышты.
© Фото / пресс-служба МВД КРБыйыл туристтик мезгилде 2800 милиция кызматкери эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылат.
Быйыл туристтик мезгилде 2800 милиция кызматкери эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Быйыл туристтик мезгилде 2800 милиция кызматкери эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылат.
1/2
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлеринин быйылкы туристтик сезонго карата даярдыгы менен таанышты.
2/2
Быйыл туристтик мезгилде 2800 милиция кызматкери эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылат.

"Туристтик сезон убагында милиция кызматкерлери эс алуучуларга сылык мамиле жасап, алардын коопсуздугун камсыздоосу зарыл. Тартипти катуу сактап, кылмыштуулук менен күрөшүү керек. Келген коноктордун коопсуздук жактан көйгөйү жаралбасын", — деди министр.

Быйыл туристтик мезгилде 2800 милиция кызматкери эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылат. Милиция кызматкерлеринен сырткары дагы 600 ыктыярдуу элдик кошуундар коомдук тартипке көз салат.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министр милиция кызматкерлерин сылык-сыпаа болууга милдеттендирди
Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча 284 курорттук-саламаттык сактоо мекемелери бар.

ИИМ быйыл эс алуучулардын коопсуздугу үчүн Тоң районунун Бөкөнбаев айылында милиция бөлүмү, ал эми Бишкек — Торугарт жолунун 138-чакырымындагы "Кувакы" ашуусунда аймактык милиция пункту ачыларын белгилейт. 

Мындан сырткары, учурда 32 курорттук-саламаттык сактоо мекемелеринде 187, облустун жолдоруна 81 видеокамера орнотулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0