Жекшемби күнү өлкө боюнча күн ачык болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болорун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек менен Ош шаарларында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында аба ырайы 28 градуска чейин ысыса, Ошто күн 32 градуска чейин көтөрүлөт.

18-22-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталып, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0