Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаап, катуу шамал болот

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAТоодо кол чатыр кармаган адам. Архив
Тоодо кол чатыр кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абанын температурасы көпчүлүк аймактарда төмөндөп, жайыттарда түнкүсүн 2 градуска чейин суук болот.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Эртең, 23-июнда Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаап, катуу шамал болорун Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, абанын температурасы 25 градуска чейин ысыйт. Ал эми Ош шаарында күндүз 31 градуска чейин көтөрүлөт.

Кол чатыр кармаган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү: апта аягына чейин жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөт
Кыргызгидромет 22-24-июнда аба ырайы чукул өзгөрүп, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жаан менен коштолот.

22-июнда абанын температурасы көпчүлүк аймактарда төмөндөп, жайыттарда түнкүсүн 2 градуска чейин суук болот.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 

23-24-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Ал эми дем алыш — ишемби жана жекшемби күндөрү өлкө аймагында жаан жаабай, ала булут каптап турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0