Жээнбеков Лейлектеги жолдордун курулушуна канааттанды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткенге жасаган иш сапарында
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткенге жасаган иш сапарында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр жол тилкелеринин курулушунун жүрүшүн канааттандыраарлык деп белгилеп, аткарылып жаткан иштердин сапатына басым жасап, курулушту белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткенге жасаган иш сапарынын алкагында республикалык маанидеги "Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык", "Чорго — Миң-Булак — Ак-Сай", "Ак-Сай — Рават", "Кулунду — Максат" жолдорунун абалы менен таанышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы аталган жол тилкелеринин курулушунун жүрүшүн канааттандыраарлык деп белгилеп, аткарылып жаткан иштердин сапатына басым жасап, курулушту белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.

"Бул жолдордун курулушу өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыздайт", — деди премьер.

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, курулушту каржылоо маселесинде көйгөйлөр жок. Иш графикке ылайык жүргүзүлүп, өз мөөнөтүндө бүткөрүлөрү белгиленди.

Ремонт иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэр Бишкектин ремонт жасала турган 47 көчөсүн бекитти
Иш сапар алкагында өкмөт башчы Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалы жана аймакка инвестицияларды тартуу, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат менен таанышты.

Жээнбековду өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, айыл чарба жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Турдуназир Бекбоев, Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов, өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлү Жеңиш Раззаковдор коштоп жүрөт.

Эртең, 24-июнда, премьер-министр "Көк-Талаа — Пүлгөн" унаа жолунун ачылыш салтанатына катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0