Сулайманов: төрага өзүңүздү депутаттардан өйдө койбоңуз

© Фото / пресс-служба политпартии "Бир бол"Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентте эл өкүлү Алтынбек Сулайманов менен спикер Чыныбай Турсунбеков кайым айтыша кетти.

БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. Урматтуу төрага, өзүңүздү депутаттардан өйдө койбуңуз. Баарыбыздын укугубуз бирдей. Мындай пикирин Алтынбек Сулайманов парламентте сүйлөп жатып берди.

Депутат төраганы добуш берүү учурунда регламентти бузуп жатасыз деп айыптады.

"Эмне үчүн биздин пикирибизди укпай жатасыз? Дагы айтам, ичиңиз тарып жатабы? Өзүңүздү бизден өйдө койбоңуз", — деди Сулайманов.

Ачуусу келген төрага Сулаймановду ойлонуп сүйлөөгө чакырды.

"Абайлап сүйлөңүз. Мага акыл үйрөтө турган сиз эмезсиз. Мен укугумду эң жакшы билем", — деди Турсунбеков.

Ал ортодо депутат Исхак Масалиев эл өкүлдөрүн сабырдуулукка чакырып, спикерди ачуу сындарга терикпөөгө үндөдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0