Депутат: уйчасынан мөөрөп жатабыз, регламентибиз алты жолу авария болгон унаадай

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Рыскелди Момбеков. Архив
ЖК депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Момбеков ыр менен башталган жыйын чыр менен бүтпөш керек деген оюн кошумчалады.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Тилибизди билбей уйча мөөрөп жатабыз. Мындай ойду депутат Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Парламентте телеканалдардагы программалардын 50 пайызын кыргызча көрсөтүү керек деген мыйзам долбоору талкуу жаратты. Аталган мыйзам долбоордун демилгечилери маселени күн тартибинен алып салуу сунушун киргизди. Ал эми депутаттардын калганы тил маселесин күзгө калтырбаш керек деген пикирлерин айтышты.

"Мамлекеттик тилге каршы чыгуу — өлкөгө каршы чыгуу дегендик. Тилибизди билбегендиктен уйча мөөрөп жатабыз. Регламентибиз болсо алты жолу авария болгон унаадан айырмасы жок. Тил тууралуу мыйзамды бүгүн кабыл алалы", — деди Момбеков. 

Ал ыр менен башталган жыйын чыр менен бүтпөш керек деген оюн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0