Конституциялык палатанын төрагалыгына Эркинбек Мамыров шайланды

© Фото / пресс-служба КП КРКонституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров. Архив
Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Палатанын төрагасы, анын орун басары жана судья-катчы үч жылда бир шайланып турат.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Конституциялык палатада төраганы, төраганын орун басарын жана судья-катчыны шайлоо болуп ѳттү. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, төрага болуп Эркинбек Мамыров шайланса, Куанбек Киргизбаев төраганын орун басары болду. Ал эми судья-катчылыкка Мээргүл Бобукеева шайланды.

Мыйзамга ылайык, Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы өзүнүн курамынан төраганы, төраганын орун басарын жана судья-катчыны үч жылдык мөөнөткө шайлайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0