Атамбаев исландиялык кесиптешин футбол командасынын жеңиши менен куттуктады

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүИсландиянын курама командасы. Архив
Исландиянын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исландиянын курама командасы Англияны 2:1 эсебинде утуп алган болчу.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Исландиянын президенти Оулавюр Рагнар Гримссонду өлкөнүн курама командасы Футбол боюнча Европа чемпионатынын чейрек финалына чыгышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Исландиянын курама командасы Англияны 2:1 эсебинде утуп алган болчу.

"Командалык дух, кызыктуу оюн, күйөрмандардын сүрөөнү чынында эле сый-урмат жана суктанууну жаратат", — деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда. 

Атамбаев Исландиянын президенти Оулавюр Рагнар Гримссонго чың ден соолук жана Исландия элине тынччылык жана жаңы жеңиштерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0