Июль айы аптаптуу ысык менен башталат

Жазылуу
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, анын ылдамдыгы секундасына 6 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстан боюнча 1-июлда күн ачык болуп, жаан-чачын жаабай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көл, ысык кум, акча: Ысык-Көлдө эс алуу канча турат
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, анын ылдамдыгы секундасына 6 метрге чейин жетет.

Бишкек жана Ош шаарларында күн 36 градуска чейин ысыйт. 30 градустан жогорку ысык аба ырайы Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад облустарында да сакталат.

Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0