Кыргызстанда жаан жаап, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүИт мурун. Архив
Ит мурун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. 6-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу аймактарга кар түшөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-июлда күндүз жана 7-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0