Кичи Чүй каналына 5 жашар бала чөгүп кетти

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүКанал. Архив
Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наристе кечээтен бери изделип жатат. Азырынча натыйжа жок.

БИШКЕК, 7-июл.— Sputnik. Свердлов районундагы Кайыңды жаңы конушунда Кичи Чүй каналына беш жаштагы бала чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ 6-июль күнү саат 9.55те болгон. 

Окуя болгон жерге келген куткаруучулардын баланы издеп табуу аракетинен эч майнап чыккан эмес. Наристе бүгүн да изделип жатат.

Кыргызстанда адамдын өмүрүн алган кандуу көл-дарыялар жөнүндө Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0