Россиялыктар тонолгондон кийин Ысык-Көлгө кетчү жолдо атайын машиналар күзөтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин жарыткычы. Архив
Милиция кызматкеринин жарыткычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чакан автобустар туристтер милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине туш болгон жерге барып турат.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Россиялык Ребровдордун үй-бүлөсү менен болгон окуядан кийин Чүй ОИИБи Бишкек — Балыкчы кан жолуна эки чакан автобус коюну чечкенин аталган башкармалыктан билдиришти.

Кыргызстанга майып кызын дарылоого алып келе жаткан россиялык Ребровдордун үй-бүлөсүн Токмокко жакын жердеги айланма жолдон өзүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырган кишилер тоноп кеткен. Калп текшерүүнүн жыйынтыгында россиялык үй-бүлөнүн 45 миң сомун, 20 миң рублин жана 100 евросун алып коюшкан. Милиция алдамчыларды төрт суткадан кийин кармаган.

"Чакан автобустардын бирөө кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пунктунан Токмокко чейин нөөмөттө турса, экинчи машина Токмоктон Балыкчыга чейинки аралыкта болот", — деп ОИИБден билдиришти.

Чакан автобустар туристтерден милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине туш болгон арыздарына ыкчам аракет көрүү максатында бөлүнгөн. Ар бир машинада Чүй ОИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынын бирден офицери нөөмөт өтөп, арыздарды кабыл алат. Автобусттар күндүз иштерин ОИИБден белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0