Антальяга келген алгачкы россиялык туристтерди гүл менен тосуп алышты

Жазылуу
Түркия менен Россиянын мамилеси оңолгондон тарта Москва — Анталья каттамы менен алгачкы 189 турист учуп келди.

Россия менен Түркиянын мамилеси оң жолго коюлгандан бери биринчилерден болуп Антальяга келген орус туристтерди аэропорттон гүл менен тосуп алышты.

Москва — Анталья каттамы менен 189 турист учуп келди.

Анталья провинциясынын губернаторунун орун басары Мехмет Явуз бул каттам чартердик болбогонун айтат.

"Бул каттам буга чейин турпакет менен алынган уруксаттын негизинде уюштурулду. Ал эми чартердик каттамдар тууралуу айта турган болсок, аларга азырынча уруксат бериле элек", — дейт ал.

Эки мамлекеттин мамилеси оңолгондуктан Россиянын президенти Владимир Путин 30-июнда Түркияга сатылган тур менен чартердик ташууларга болгон тыюуну алган.

Ал эми премьер-министр Дмитрий Медведев бир жуманын ичинде чартердик ташуулардын сунушун карап чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0