Эртең республика боюнча күн ысык болот

Жазылуу
Өлкөнүн айрым аймактарында аба ырайы 37 градуска чейин ысык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Эртең, 11-июлда Кыргызстан боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкек менен Ошто жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28 градус ысык болот.

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 19…21 градус жылууболсо, күндүз 34…36 градуска чейин ысыйт. Ал эми Ош шаарында түнкүсүн 19…21 градус жылуу болсо, күндүз 35…37 градуска чейин жогорулайт.

Өлкө аймагында шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0