Кыргызстан менен Түркия Стамбулдагы теракт маселесин талкуулады

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстан менен Түркия Стамбулдагы теракт маселесин талкуулады
Кыргызстан менен Түркия Стамбулдагы теракт маселесин талкуулады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк тарап Стамбулдун аба майданында болгон жардыруунун иликтенишинин жыйынтыктары боюнча маалыматтар керек болгондо жибериле турганын белгилеген.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги менен Түркиянын тышкы иштер министрлиги консулдук маселелер боюнча кеңешүүлөрдүн 6-раундун өткөргөнүн КР ТИМинин маалымат кызматы билдирди. Анын ичинде Стамбулдагы теракт боюнча да кеп козголду.

Машины скорой помощи Стамбула возле аэропорта имени Ататюрка в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы жардырууга КР жаранынын тиешеси бардыгы азырынча тастыктала элек
Кеңешмеде түрк тарап Стамбулдун аба майданында болгон жардыруунун иликтенишинин жыйынтыктары боюнча маалыматтар керек болгондо жибериле турганын белгилеген. Тараптар эл аралык терроризм менен күрөшүү, Интерполдун багыты боюнча кызматташууну жандантуунун зарылдыгына токтолгон. КРдин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен Түркиянын Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу жана түрмө боюнча башкы дирекциясынын кызматташуусунун маанилүүгүнө көңүл бурушкан.

Ошондой эле тараптар консулдук тармакта жаралып жаткан маселелерди чечүүнүн жолдорун талкуулап, эки мамлекеттин мыйзамдарындагы маалыматтар боюнча пикир алышты. Андан сырткары Түркиянын аймагында жүргөн кыргызстандыктарды жана Кыргызстанда жүргөн түркиялыктардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо туурасында кеп болгон. Кыргызстанда кылмыш жасады деп айыпталып Түркияда жүргөн КР жарандарын депортациялоо боюнча маселелер талкууга алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0